Дисциплинанын негизги максаты — студенттерди медицина тармагындагы укуктук жөнгө салуунун теориялык жана практикалык суроолору боюнча окутуу, алардын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө билим берүү. Сабактын жүрүшүндө студенттер саламаттык сактоо жаатындагы укуктук жоопкерчилик, мыйзам бузуу, укуктук аң-сезимди жана укуктук маданиятты тарбиялоо маселелери менен таанышат.