Курстар

Фармакология

Фармакология — бул дары заттардын адамдын организми менен өз ара аракеттенүүсүн, алардын таасир механизмин, кирүү, бөлүштүрүү, өзгөрүү жана чыгуу жолдорун изилдеген илим. Бул сабак келечектеги медициналык кызматкерлердин кесиптик компетенциясын калыптандырууда маанилүү орунду ээлейт.

Максаты:
Студенттерге дары каражаттарын коопсуз жана туура колдонуу боюнча теориялык билим жана практикалык көндүмдөрдү берүү.

Күтүлгөн натыйжалар:
Курс аяктагандан кийин студенттер дары топторун, алардын таасир механизмин, терс таасирлерин билип, ар бир клиникалык абалга ылайык дарылоону тандап үйрөнүшөт.

«Дарылоо иши» адистигиндеги студенттер үчүн
• Жалпы түйшүгү: 10 кредитов (360 саат)
• Аудитордук сабактар: 180 саат
• Студенттердин ѳз алдынча иши: 180 саат
• Семестр: 3,4
• Жыйынтык кѳзѳмѳлү: экзамен
Негизги сабактар кафедрасы (ИК)