Курстар

Химия (жалпы жана биоорганикалык)

Химия — бул заттардын курамын, түзүлүшүн, касиеттерин жана химиялык реакциялардын натыйжасында болгон өзгөрүүлөрдү изилдеген фундаменталдык жаратылыш илими.
Химия медицинада, фармацевтикада, биологияда жана экологияда негизги роль ойнойт, биохимиялык процесстерди, дарылардын таасирин жана жаңы материалдарды алуу технологиясын түшүнүү үчүн илимий база болуп саналат.

Химияны үйрөнүү логикалык ой жүгүртүүнү, тактыкты, аналитикалык жөндөмдөрдү өнүктүрөт жана келечектеги адистерди даярдоонун маанилүү этабы болуп эсептелет.

«Дарылоо иши» адистигиндеги студенттер үчүн
• Жалпы түйшүгү: 3 кредит (108 саат)
• Аудитордук сабактар: 54 саат
• Студенттердин ѳз алдынча иши: 54 саат
• Семестр: 1
• Жыйынтык кѳзѳмѳлү: экзамен
Негизги сабактар кафедрасы (ИК)