Курстар

Медициналык биология

Медициналык биология» сабагы студенттерде биология тармагындагы жалпы теориялык билимдерди калыптандырууга багытталган.

Жандуу организмдердин түзүлүшү жана функциялары молекулярдык, клеткалык, онтогенетикалык жана популяциялык деңгээлдерде изилденип, жашоо процесстерине системалуу түшүнүк берет.
Курс клеткалык жана гендик технологиялардын, ошондой эле паразитологиянын жетишкендиктерин медицина жана клиникалык практика менен интеграциялоону карайт.

Курстун максаты — студенттерде жандуу табияттын маңызы, мыйзам ченемдүүлүктөрү жана жашоо процесстери тууралуу толук түшүнүк калыптандыруу (молекулярдык, клеткалык, организмдик, популяциялык жана биосфералык деңгээлдерде).

Курс төмөнкү жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган:
• табияттагы биологиялык көрүнүштөрдү жана өз ара байланыштарды түшүнүү;
• алынган билимди илимий, медициналык, экологиялык жана кесиптик ишмердүүлүктө колдонуу;
• жандуу табиятка жана адамдын саламаттыгына жоопкерчилик мамилени калыптандыруу.

Студент билиши керек:
• медициналык биологиянын предметин;
• жаратылыштагы биологиялык мыйзам ченемдерди жана алардын адамдын саламаттыгына тийгизген таасирин.

Билгенин колдонуу:
• медициналык биология, генетика жана паразитология боюнча теориялык жана практикалык билимдерди колдонуу;
• алдын алуу жана дарылоо иштеринде биологиялык билимдерди пайдалануу.

«Дарылоо иши» адистигиндеги студенттер үчүн
• Жалпы эмгек сыйымдуулугу: 4 кредит (120 саат)
• Аудитордук сааттар: 72 саат
• Студенттердин өз алдынча иши: 48 саат
• Семестр: 1
• Жыйынтык контроль: экзамен
Негизги сабактар кафедрасы (ИК)