Курстар

Латын тили

Латын тили» курсу — бул медициналык жогорку окуу жайларынын билим берүү стандартынын көлөмүнө жана талаптарына ылайык, студенттерди окутуунун негизги сабактарынын бири болуп саналат. Эл аралык Жогорку Медицина Мектебинде латын тилин үйрөнүү — медициналык илимдин кесиптик тилин, анын терминологиясын өздөштүрүүнүн куралы болуп эсептелет.

Курстун максаты:
Эл аралык номенклатураны, клиникалык жана фармацевтикалык аталыштарды туура жана натыйжалуу колдонуу үчүн тилдик жана сүйлөө компетенциясынын негизин калыптандыруу.

Дисциплинанын милдеттери:
1. Студенттерди анатомиялык, фармацевтикалык жана клиникалык терминдерди түшүнүү жана туура колдонуу үчүн зарыл болгон латын грамматикасынын элементтерине үйрөтүү.
2. Медициналык терминологиянын үч багыты боюнча (анатомиялык, фармацевтикалык жана клиникалык) негиздерин үйрөтүү.
3. Латын терминдерин тез жана туура жазуу
4. Рецепттерди англис тилинен латын тилине которууну
5. Клиникалык терминдерди түзүү жана талдоо, клиникалык сөз жасалмасын өздөштүрүү

Дисциплинаны окуп бүткөндөн кийин студент билүүсү керек:
• окуу жана басым коюу эрежелерин;
• лексикалык жана грамматикалык материалды;
• жалпы терминдерди, алардын түзүлүшүн жана маанисин;

Билиш керек болгон көндүмдөр:
• медициналык терминдерди түшүнүү үчүн зарыл болгон латын грамматикасынын элементтерин өздөштүрүү;
• кесиптик инновациялык тилди туура колдонуу жана терминдердин келип чыгуу эрежелерин түшүнүү;
• терминдерди түзүү жана алардын ичиндеги маалыматты талдап алуу;
• латын тилинде окуу, жазуу жана анатомиялык, фармацевтикалык, клиникалык терминдерди колдонуу;
• рецепттин латын бөлүгүн туура жазуу;
• клиникалык терминдердин жалпы маанисин аныктоо;
• грек-латын дублеттеринин негизинде клиникалык терминдердин маанисин түшүндүрүү.
«
Дарылоо иши» адистигиндеги студенттер үчүн
• Жалпы түйшүгү: 1 кредит (36 саат)
• Аудитордук сабактар: 18 саат
• Студенттердин ѳз алдынча иши: 18 саат
• Семестр: 1
• Жыйынтык кѳзѳмѳлү: экзамен
Негизги сабактар кафедрасы (ИК)