Курстар

Медициналык физика жана жогорку математика

Медициналык физика — физиканын негизги мыйзамдарын жана алардын медицинадагы колдонулушун изилдеген илимий жана практикалык багыттагы сабак. Бул сабакта адам организминдеги биофизикалык процесстер, ар кандай медициналык жабдуулардын иштөө принциптери (УЗИ, МРТ, рентген, КТ, лазер ж.б.), радиациянын таасири жана аны башкаруу ыкмалары терең изилденет. Медициналык физика студенттерге диагноз коюу жана дарылоо процессинде колдонулуучу физикалык ыкмаларды түшүнүүгө жардам берет. Бул сабак, өзгөчө, онкология, кардиология, нейрофизиология сыяктуу тармактарда маанилүү рол ойнойт.

Курстун максаты:
  • Физиканын негизги принциптерин медициналык процесстерде колдонууга үйрөтүү;
  • Студенттерди медициналык диагностикалык жана терапевтик жабдуулар менен тааныштыруу;
  • Радиациянын организмге тийгизген таасири жана коопсуздук чаралары тууралуу терең билим берүү;
  • Медицинада колдонулуучу заманбап технологияларды түшүндүрүү жана практикалык колдонууга үйрөтүү.

Жогорку математика — бул студенттерге аналитикалык жана логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталган негизги сабак. Ал функциялар теориясы, чектер, туундулар, интегралдар, матрицалар, векторлор, дифференциалдык теңдемелер, ыктымалдык теориясы жана математикалык моделдөө темаларын камтыйт. Бул курс студенттерге математикалык түшүнүктөрдү терең үйрөтүп, аларды техникалык, медициналык жана илимий иштерде туура колдоно билүүгө үйрөтөт. Өзгөчө моделдөө, маалыматты анализдөө жана изилдөө жүргүзүүдө абдан зарыл.

Курстун максаты:
  • Студенттердин логикалык, аналитикалык жана критикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү;
  • Теориялык билимди практикалык маселелерде колдонууга үйрөтүү;
  • Медицина жана илим тармагында математикалык моделдөө жана эсептөөлөрдү ишке ашыруу;
  • Тактык, тартип жана системалуу ой жүгүртүү жөндөмүн калыптандыруу.

«Дарылоо иши» адистигиндеги студенттер үчүн
• Жалпы эмгек сыйымдуулугу: 3 кредит (108 саат)
• Аудиториялык сааттар : 54 саат
• Студенттердин өз алдынча иши: 54 саат
• Семестр: 1
• Жыйынтыктоочу контроль: зачет
2025-11-13 18:10 Негизги сабактар кафедрасы (ИК)