Курстар

Жалпы гигиена

Студенттерге айлана-чөйрө факторлорунун адамдын ден соолугуна тийгизген таасири жөнүндө түшүнүк берип, оорулардын алдын алуу жана ден соолукту чыңдоо боюнча негизги принциптерди үйрөтүү.

Пландын максаты:
1. Гигиенанын негизги түшүнүктөрүн, бөлүмдөрүн жана максаттарын тааныштыруу.
2. Физикалык, химиялык, биологиялык жана социалдык факторлордун адам организми менен өз ара байланышын изилдөө.
3. Айлана-чөйрө объектилеринин санитардык абалын баалоого үйрөтүү (аба, суу, топурак, турак-жай, окуу жайлар).
4. Гигиеналык ой жүгүртүү жана алдын алуу билимин кесиптик иш-аракетте колдонууну калыптандыруу.
5. Ден соолукту сактоого жана дени сак жашоо образын түзүүгө жоопкерчиликтүү мамилени өнүктүрүү.

«Дарылоо иши» адистигиндеги студенттер үчүн
• Жалпы түйшүгү: 4 кредитов (144 саат)
• Аудитордук сабактар: 72 саат
• Студенттердин ѳз алдынча иши: 72 саат
• Семестр: 5
• Жыйынтык кѳзѳмѳлү: экзамен
Негизги сабактар кафедрасы (ИК)