Студенттерге айлана-чөйрө факторлорунун адамдын ден соолугуна тийгизген таасири жөнүндө түшүнүк берип, оорулардын алдын алуу жана ден соолукту чыңдоо боюнча негизги принциптерди үйрөтүү.
Пландын максаты: 1. Гигиенанын негизги түшүнүктөрүн, бөлүмдөрүн жана максаттарын тааныштыруу. 2. Физикалык, химиялык, биологиялык жана социалдык факторлордун адам организми менен өз ара байланышын изилдөө. 3. Айлана-чөйрө объектилеринин санитардык абалын баалоого үйрөтүү (аба, суу, топурак, турак-жай, окуу жайлар). 4. Гигиеналык ой жүгүртүү жана алдын алуу билимин кесиптик иш-аракетте колдонууну калыптандыруу. 5. Ден соолукту сактоого жана дени сак жашоо образын түзүүгө жоопкерчиликтүү мамилени өнүктүрүү.
«Дарылоо иши» адистигиндеги студенттер үчүн • Жалпы түйшүгү: 4 кредитов (144 саат) • Аудитордук сабактар: 72 саат • Студенттердин ѳз алдынча иши: 72 саат • Семестр: 5 • Жыйынтык кѳзѳмѳлү: экзамен