2025-жылдын 26-февралында Бишкек шаарында “Кыргызстандын таза абасы боюнча прогресс: өнөктөштүк кызматташтык жана натыйжалуу жыйынтыкка багытталган демилгелер” аттуу көп тараптуу диалог болуп өттү. Катышуучулар аба чөйрөсүнүн учурдагы абалын, зыяндуу заттарды чыгарууну азайтуу чараларын жана эл аралык тажрыйбаны талкуулашты. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев, Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова, БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антже Грейв, ошондой эле Дүйнөлүк банк менен Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын негизги баяндамачылардын бири Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин Коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасынын профессору Шаршенова Айнаш Акыновна болду.
Ал абанын булганышынын калктын саламаттыгына тийгизген таасири боюнча изилдөөнү сунуштады, профессор ошондой эле булгануунун деңгээлин тез арада баалоого жана аны азайтуу боюнча чараларды көрүүгө мүмкүндүк берүүчү абанын сапаты индексин (АСИ) иштеп чыгуу жөнүндө айтып берди.
Диалог булгануу булактары, абанын сапатын жакшыртуу боюнча стратегиялык чаралар жана бул жааттагы эл аралык тажрыйба боюнча бир нече тематикалык сессияларды камтыды. Талкуунун жүрүшүндө эксперттер коопсуз жана экологиялык жактан таза шаар чөйрөсүн түзүү үчүн мамлекеттин, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун мындан аркы кызматташуусу зарыл экендигин баса белгилешти.