"Кыргызстан тарыхы" окуу сабагынын чет элдик студенттер үчүн милдеттүү түрдө окутулуучу сабактардын тизмесине киргизилиши Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин жалпы талаптарына жооп берет. Бул предметти окутуунун максаты – Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк тарыхтын бир бөлүгү катары негизги тарыхый өнүгүү этаптарын, анын ичинде экономикалык, саясий жана маданий аспектилерин жалпы түшүнүү болуп саналат. Бул студенттерге жергиликтүү чөйрөгө тезирээк жана кыйналбай интеграцияланууга, гуманитардык билимдерин практикада ийгиликтүү колдонууга жана окуу процессинде жашап жаткан өлкө тууралуу көбүрөөк билүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Мамлекет менен коомдун тарыхый өнүгүшүн, ошондой эле тарыхтагы инсандардын ролун кеңири түшүнүү, даярдоо багытына жана адистигине карабастан, ар кандай билим берүүнүн ажырагыс бир бөлүгү деп эсептелет. Байыркы, орто кылымдардагы же азыркы мезгилдеги улуу тарыхый инсандардын, анын ичинде улуу дарыгерлердин жашоосу жана ишмердүүлүгү жөнүндө билимдин мисалында, студенттер өз кесиптик ишмердүүлүгү боюнча ар тараптуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн заманбап жашоонун бардык чөйрөлөрүндө энциклопедиялык билимге умтулуунун зарылдыгын түшүнүшөт.

Жалпы медицина багытында адистешкен студенттер үчүн
- Жалпы эмгек сыйымдуулугу: 2 кредит (60 саат)
- Аудиториялык сааттар: 36 саат
- Студенттердин өз алдынча иши: 24 саат
- Семестр: 2
- Жыйынтыктоочу контроль: 2 семестр - зачет
- 10 семестр - мамлекеттик сынак.