Эко-мастер-класс жана квест: Таштандыларды бөлүп чогултуу
2025-жылдын 26-февралында ЭАЖММдин гуманитардык сабактар кафедрасы Борбордук Азиядагы Америка Университети (БААУ) "Сорт 1.0" экологиялык квестинин алкагында кызыктуу экологиялык мастер-класс жана квест уюштурду.
Биздин активдүү "Адабият" адабий клубунун мүчөлөрү жана экологиялык активисттер Аайша Бано жана Таха Шейх улук окуутучу Азиза Ажибекованын жетекчилиги менен маалыматтуу презентация жана практикалык мастер-класс өткөрүштү.
Биз эмне кылдык:
Таштандыларды туура бөлүп чогултууну үйрөндүк.
Интерактивдүү сорттоо оюнун ойнодук.
Экологиялык таймаштарга катыштык
Экологиялык квест аркылуу башкы жеңүүчүнү аныктадык