Жаңылыктар

Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап усулдары

2025-жылдын 16-майында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап усулдары» аттуу республикалык сынак болуп өттү.

Кароо-сынак Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган.

Сынактын максаты - окутуунун жаңы жана натыйжалуу ыкмаларын жайылтуу аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошуу болуп саналат.

Бул кароо-сынакка университетибизден Гуманитардык сабактар кафедрасынын улук окутуучусу Туратбек кызы Жазгүл активдүү катышып, кыргыз тилин окутуунун заманбап, жаңыланган жана интерактивдүү методдоруна арналган креативдүү сабагын тартуулады.

Ал өзүнүн практикалык тажрыйбасы менен бөлүшүп, төмөнкү усулдарды сунуштады:
  • маалыматтык технологияларды сабактарга кеңири колдонуу,
  • оюн элементтерин окутуу процессине интеграциялоо,
  • интерактивдүү ыкмалар аркылуу студенттердин активдүүлүгүн арттыруу.

Мындан тышкары, ал студенттердин кызыгуусун арттыруу жана сабакты жандуу өткөрүү максатында топтук иштерди, ролдук оюндарды жана чыныгы турмуштук кырдаалдарга негизделген тапшырмаларды пайдалануунун маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

Кароо-сынакка активдүү катышканыңыз үчүн куттуктайбыз жана сизге кесиптик ишмердүүлүгүңүздө мындан аркы чоң ийгиликтерди каалайбыз!
Жаңылыктар Гуманитардык сабактар кафедрасы