Жаңылыктар

Эл аралык аялдар күнү

8-Март Эл аралык аялдар күнүнүн алдында "Таланттар" арт-клубунун жана "Адабият" адабий клубунун мүчөлөрү унутулгус майрамдык маанай тартуулашты.

Алар Кыргызстан, Индия, Пакистан жана Россиянын улуу аялдары тууралуу кызыктуу презентация жана суроо – жооп ирээтиндеги таймаш даярдашты, шаңдуу бийлерди бийлешип, уккулуктуу ырларды аткарышып, ар кыл тилдерде өздөрүнүн даярдаган өзгөчө ырларын окушту.

Өзгөчө белек катары биздин сүйүктүү окутуучуларыбыз үчүн сүйүү жана ыраазычылык менен жасалган өзгөчөлөнгөн белектерди тартуулашты.

Бул керемет күндү биз менен бирге өткөргөндөрдүн баарына чоң ыракмат!

Силердин жылмаюуңар – биздин эң чоң сыйлыгыбыз!
Гуманитардык сабактар кафедрасы Жаңылыктар