Жаңылыктар

Латын тили боюнча викторина

28-май 2025-жылы ЭАЖММдин гуманитардык сабактар кафедрасында, 1-семестрдин студенттери катышкан латын тили сабагы боюнча викторина өткөрүлдү.

Викторинанын алкагында катышуучулар төмөнкү багыттар боюнча терең билимдерин көрсөтүштү:
▪️ латын медициналык терминологиясы
▪️ рецептуралык сөз айкаштары
▪️ клиникалык терминдер
▪️ анатомия жана макал-лакаптар
▪️ ылдамдыкты жана тактыкты талап кылган блиц- суроолор.

Командалар чыгармачыл видео визиткаларды жана презентацияларды сунуштап, өз эрудициясын, бирдиктүу аракеттерин жана билимге болгон креативдүү мамилесин көрсөтө алышты!

Викторинанын жыйынтыгында:
1-орунга – “Patrators” командасы
2-орунга -“Future” командасы ээ болушту.

Бардык катышуучуларды иш-чарага татыктуу катышуусу менен куттуктайбыз жана билимге болгон умтулуусу үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Латын тили сабагынын улук окутуучусу Ч. И. Кочкорбаевага өзгөчө ыраазычылык:
жогорку кесипкөйлүгү , шыктандыруучу насаатчылыгы жана студенттерди иш-чарага мыкты даярдагандыгы үчүн!
Гуманитардык сабактар кафедрасы Жаңылыктар