28-май 2025-жылы ЭАЖММдин гуманитардык сабактар кафедрасында, 1-семестрдин студенттери катышкан латын тили сабагы боюнча викторина өткөрүлдү.
Викторинанын алкагында катышуучулар төмөнкү багыттар боюнча терең билимдерин көрсөтүштү: ▪️ латын медициналык терминологиясы ▪️ рецептуралык сөз айкаштары ▪️ клиникалык терминдер ▪️ анатомия жана макал-лакаптар ▪️ ылдамдыкты жана тактыкты талап кылган блиц- суроолор.
Командалар чыгармачыл видео визиткаларды жана презентацияларды сунуштап, өз эрудициясын, бирдиктүу аракеттерин жана билимге болгон креативдүү мамилесин көрсөтө алышты!
Бардык катышуучуларды иш-чарага татыктуу катышуусу менен куттуктайбыз жана билимге болгон умтулуусу үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Латын тили сабагынын улук окутуучусу Ч. И. Кочкорбаевага өзгөчө ыраазычылык: жогорку кесипкөйлүгү , шыктандыруучу насаатчылыгы жана студенттерди иш-чарага мыкты даярдагандыгы үчүн!