Жаңылыктар

Кыргыз тили сабагы боюнча сынак

ЭАЖММдин гуманитардык сабактар кафедрасында, «Тил бил” студенттик илимий ийриминин “Кыргыз тили – улуу тил”- аттуу “Туура сүйлөө” сынагы өткөрүлдү. Бул иш-чара тилдин, маданияттын жана таланттын майрамы болду.

"Тил бил" студенттик илимий ийриминин алкагында уюштурулган сынак, кыргыз тилинин байлыгына таазим кылуу үчүн шыктуу студенттер менен окутуучуларды бириктирди.

Сынакка 4 -8-семестрдин студенттери "Менин болочок кесибим" “ Менин үй бүлөм”,"Кыргызстан" “Биздин университет” ж.б.у.с. кызыктуу темаларда презентацияларды жасап, чет өлкөлүк студенттер арасында кыргыз тилин үйрөнүүнүн жана жайылтуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Бул сынак студенттердин жана окутуучулардын талыкпаган эмгегинин жана берилгендигинин жандуу көрүнүшү болду. Бардык катышуучулар өз аракети жана кошкон салымдары үчүн ыраазычылык сертификаттары менен сыйланышты.

Сынактын жеңүүчүлөрү:
  • 1-орун: Гундепалли Вайшнави, Кале Випул
  • 2-орун: Шейх Шифа Акбар, Жидняса
  • 3-орун: Рубина, Ямини

Бул иш-чара жөн гана сынак болбостон, кыргыз тилинин кооздугуна таазим жана ЭЖММдин маданияттар аралык өз ара түшүнүшүү идеяларына берилгендигинин, ошондой эле, чет өлкөлүк студенттерди кыргыз тилин жана маданиятын үйрөнүүгө тартууга умтулгандыгынын күбөсү болду.
Жаңылыктар Гуманитардык сабактар кафедрасы