Тери жана жугуштуу жыныс дарттары ѳзүнүн клиникалык пайда болушунда ѳтѳ ар түрдүү жана абдан кѳп жолугушат. Ошондуктан бардык адистиктердин дарыгерлери мындай бейтаптар менен улам-улам иш алып барууга туура келет. Мындан сырткары теринин ѳзгѳрүшү ички органдардын борбордук нерв системаларынын же татаал системалык оорусунун сырткы кѳрүнүшүн чагылдырат. Дерматология жана венерология-бул дерматологдор гана билүүчү «атайын» адистик эмес. Тескерисинче, ар кандай адистиктеги дарыгер анын негизин жана элементтерин билүүсү зарыл, ошондуктан милдеттүү окутуунун аспектиси, студенттерди бул маселелерде тандоону үйрѳтүү.