Жаңылыктар

ЭАЖММдин жаш окумуштуусу эл аралык конференцияда 1-даражадагы диплом менен сыйланды

2025-жылдын 19-февралында И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында «Жугуштуу оорулардын актуалдуу проблемалары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш-чаранын алкагында жаш илимпоздордун конкурсу болуп, анда Мира Сабирбековна Турсунбаева «Кош бойлуу аялдардын В вирустук гепатитинин фиброзунун лабораториялык предикторлору» аттуу темада изилдөөсүн сунуштады. Анын баяндамасы эксперттик калыстар тобу тарабынан жогору бааланып, 1-даражадагы дипломду жеңип алды.

Мира Сабирбековна Турсунбаеванын илимий иши жугуштуу оорулар тармагындагы адистердин олуттуу кызыгуусун жаратты.

Сизди татыктуу сыйлыгыңыз менен куттуктайбыз жана мындан аркы илимий жана кесиптик ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди каалайбыз.
Жаңылыктар Жугуштуу оорулар кафедрасы