Жаңылыктар

Кыргыз элинин тарыхы жана тили» аттуу иш-чара

2025-жылдын 7-октябырында терапия кафедрасында чет элдик студенттер үчүн «Кыргыз элинин тарыхы жана тили» аттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чара кыргыз тилин өнүктүрүүгө жана ата-бабаларды эскерүүгө арналды.

Иш-чаранын уюштуруучусу — Ирсалиева Меринса, кыргыз тили боюнча жооптуу окутуучу, ошондой эле окутуучулар Леонтьева Н. С., Туранова Н. А., Молдоева С. Ж. жана кафедра башчысы Кудайбергенова Н. Т. катышышты.

Кичинекей коногубуз Юлия кыргыз тилинде ыр саптарын окуп, иш-чарага өзгөчө маанай тартуулады. Андан соң 7-семестрдин студенттери мугалимдер менен чогу Улуттук тарых музейине барышып, кыргыз элинин тарыхы жана маданияты менен жакындан таанышты.

Иш-чара жылуу жана таасирдүү маанайда өтүп, чет элдик студенттердин кыргыз тилине жана улуттук мураска болгон кызыгуусун арттырды.
Жаңылыктар Терапия кафедрасы