Жаңылыктар
2025-11-14 09:30

Дүйнөлүк диабет күнү

14-ноябрда Эл аралык Жогорку Медицина Мектебинин Пропедтерапия жана уй-булоолук медицина кафедрасы (доцент Сулайманов С.Б., Аскарова Ч.Э.) Бишкек шаарынын Темир жол ооруканасы менен биргеликте Дүйнөлүк диабет күнүнө арналган иш-чара өткөрдү.

Иш-чаранын алкагында калктын диабет тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга жана предиабеттик абалдарды эрте аныктоого багытталган агартуу жана практикалык программа уюштурулду. Иш-чарага Темир жол ооруканасынын дарыгерлери, үй-бүлөлүк дарыгерлер, эндокринологдор жана Эл аралык Жогорку Медицина Мектебинин студенттери катышты.

Программанын негизги бөлүктөрүнүн бири – кандагы глюкозанын ач карын деңгээлин скринингдик изилдөө болду. Жалпысынан 87 пациент текшерүүдөн өттү. Тажрыйбалуу адистердин көзөмөлү алдында студенттер глюкометр аркылуу кандагы кантты өлчөп, артериялык басымды текшерип, эндокринологиялык кабыл алууну жүргүзүү боюнча көндүмдөрүн бекемдешти.

Иш-чаранын практикалык бөлүгү келечектеги дарыгерлерге эндокринология багытындагы билимдерин тереңдетүүгө, глюкоза тестин өткөрүү ыкмаларын үйрөнүүгө жана бейтаптар менен иштөө боюнча маанилүү тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк берди.

Иш-чаранын уюштуруучулары мындай демилгелер калктын медициналык сабаттуулугун жогорулатууга, ошондой эле өнөкөт оорулардын алдын алуу боюнча мекемелер аралык кызматташууну чыңдоого өбөлгө түзөөрүн белгилешти. Иш-чара пайдалуу, мазмундуу жана жогорку деңгээлде өттү.


Жаңылыктар Пропедтерапия жана үй-бүлѳлүк медицина кафедрасы