Жаңылыктар

Философия доктору (PhD) илимий даражасын алуу үчүн диссертацияны коргоо Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин пропедтерапия жана үй-бүлөлүк медицина кафедрасынын ассистенти Хуссаин Сайед Азфардын «Кыргызстандагы жүрөк-кан тамыр ооруларынын этникалык жана социалдык детерминанттары: коркунуч факторлорун баалоо жана оорулардын деңгээлин төмөндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу» темасындагы философия доктору (PhD) илимдеринин даражасын алуу боюнчадиссертация коргоо 2025-жылдын 25-декабрында саат 13:00дө (Бишкек убактысы боюнча) өтөт. Жайгашкан жери: Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби, Бишкек шаары, Интергельпо 1ф көчөсү.

Илимий жетекчи: медицина илимдеринин кандидаты, доцент, Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасынын башчысы Джусупов Кенешбек Осконбаевич.

Илимий жетекчи (чет өлкөлүк): PhD, Эстония Республикасынын Тарту шаарындагы Тарту университетинин социалдык изилдөөлөр институтунун социалдык илимдер факультетине караштуу туруктуу өнүгүү социологиясы кафедрасынын доценти Кати Орру.

Диссертация Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин сайтында жайгаштырылган.
Жаңылыктар Пропедтерапия жана үй-бүлѳлүк медицина кафедрасы