Курстар

Медицинадагы лазердик жана оптикалык усулдары

"Медицинадагы лазердик жана оптикалык усулдары" аттуу элективдик курсу лазердик жана оптикалык жабдууларды колдонуу менен диагностиканын жана терапиянын заманбап технологияларын өздөштүрүүгө кызыкдар медицина адистигиндеги студенттер үчүн арналган.

Курс лазердин физикалык теорияларын, негиздерин, фотодинамикалык терапиянын принциптерин, лазердик хирургияны, оптикалык когеренттүү томографияны, флуоресценттик диагностиканы жана башка заманбап технологияларды камтыйт. Коопсуздук, жөнгө салуу жана дисциплиналар аралык байланыштар маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Дисциплинаны өздөштүрүү саламаттыкты сактоо практикасына алдыңкы технологияларды киргизүү үчүн зарыл болгон кесиптик жана изилдөө компетенцияларын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Дисциплинаны окутуу студенттердин илимге болгон кызыгуусун кеңейтет жана жогорку технологиялуу медициналык чөйрөдө иштөөгө даярдыгын жогорулатат.

«Жалпы медицина» адистигинин студенттери үчүн
• Жалпы түйшүгү: 2 кредит (60 саат)
• Аудитордук сабактар: 36 саат
• Студенттердин өз алдынча иши: 24 саат
• Семестр: 4
• Жыйынтык контролдоо: зачет
2025-09-24 19:31 Табигый илимдердин сабактары кафедрасы