Курстар

Медицинадагы геномдук технологиялар

Медицинада "Геномдук технологиялар" аттуу курс табият таануу системасындагы маанилүү түзүүчү катары заманбап генетиканын теориялык жана прикладдык мааниси жөнүндө жана геномду чечмелөөдө геномдук технологияларды колдонуу принциптерин, гендерди модификациялоону бир катар ооруларды диагностикалоодо жана дарылоодо кеңири түшүнүк берет.

Студенттер генетикалык маалыматты ишкуе ашыруу боюнча жана гендин экспрессиясын жөнгө салуу, белок синтези боюнча билим алышат; медицинада ооруларды изилдөөнүн заманбап молекулярдык-генетикалык методдору жана диагностикалык ыкмалары менен таанышат; предиктивдүү жана жекелештирилген медицина жөнүндө теориялык билимдери кеңейет.

Жалпы медицина» адистигинин студенттери үчүн
• Жалпы түйшүгү: 1 кредит (30 саат)
• Аудитордук сабактар: 18 саат
• Студенттердин өз алдынча иши: 12 саат
• Семестр: 3
• Жыйынтык контроль: зачет
2025-09-24 19:30 Табигый илимдердин сабактары кафедрасы