«ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕРГЕ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ САЯКАТ» аттуу таймаш
2025-жылдын 19-майында ЭАЖММдин студенттери «ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕРГЕ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ САЯКАТ» аттуу таймашка катышышты. Таймаш жалпы терминдер, биология, физика, химия сабактарга байланыштуу кыргыз тилиндеги жалпы терминдер боюнча өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясы (КГМА) жана Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби (МВШМ) тарабынан биргелешип уюштурулган. Таймаш Кыргызстандагы үч медициналык жогорку окуу жайынан келген чет элдик студенттерден түзүлгөн үч команда (ар биринде 8 студенттен) катышты:
«Достук» – Кыргыз Улуттук Университети (КУУ)
«Кыялкечтер» – Эл аралык Жогорку Медицианлык Мектеби (ЭАЖММ)
«Илегер» – Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясы (КММА)
ЭАЖММдин командасын даярдоо жана уюштуруу иштерин ТИС кафедрасынын окутуучулары жүргүзүштү.
Таймаштын максаттары:
Табигый илимдерге кызыккан таланттуу студенттерди аныктоо;
Чет элдик студенттердин кыргыз тилине болгон кызыгуусун арттыруу.
Калыстар курамы:
Абылкасымова Тамара Нурмамытовна – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борборунун директору
Ибраимова Гүлнара Үмөтбековна – БИМдин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун жетектөөчү адиси
Асанов Бакыт Качкынбекович – Эл аралык медициналык университетинин мамлекеттик тил жана социалдык-маданий иштер бөлүмүнүн башчысы
Дүйшөнбиева Дамира Аскербековна – Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин Азыркы тилдер кафедрасынын доценти
Викторина 5 турдан турду:
ЖОЖду тааныштыруу (видеопрезентация)
Команданы тааныштыруу жана саламдашуу (PPT слайддар)
Көркөм номерлер
Табигый илимдер боюнча сүрөттөр менен суроолорго жооп берүү
Кыргыз тилинде кроссворд чечүү
Бардык катышуучулар жогорку деңгээлде даярдыгын, терең теориялык билимин жана чыгармачылык жөндөмүн көрсөтө алышты.
Викторинанын жыйынтыгы:
Гран-при — «Илегер» командасы (КММА)
I орун — «Кыялкечтер» командасы (ЭАЖММ)
III орун — «Достук» командасы (КУУ)
Жеңүүчүлөргө дипломдор, тастыктамалар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Студенттерибизди мыкты жыйынтыктары менен куттуктайбыз!
Биз таланттуу жана умтулуучу студенттерибиз менен сыймыктанабыз!