Жаңылыктар
2026-10-16 09:07

Кыргыз тили: Улуттук мурастан санариптик ааламдашууга

2026-жылдын 16-октябрында М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата “Кыргыз тили: Улуттук мурастан санариптик ааламдашууга” аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасы тарабынан уюштурулуп, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу программасын улантуу, ошондой эле КР Президентинин “2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндөгү” Жарлыгын ишке ашыруу алкагында өткөрүлүүдө.

Иш-чаранын максаты: Кыргыз тилинин улуттук баалуулуктарын, нарк-насили менен тарыхый мурасын сактоо менен бирге, аны азыркы санариптештирүү жана ааламдашуу доорунда заманбап технологиялар аркылуу өнүктүрүү, мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү жана жаштардын аң-сезимин жогорулатуу болуп саналат.

Жыйынга М.Рыскулбеков атыдагы КЭИУнун ректору Супатаева Г.Т., Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын башчысы Жапарлиева Н.Ж. жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, тилчи адистер жана заманбап билим берүү долбоорлорунун негиздөөчүлөрү катышты.

  • КР Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү ММдин директорунун орун басары Ишеналиева А.О.,
  • “Тилимпоз” долбоорунун негиздөөчүсү Тилек Мирлан,
  • Оратордук чеберчилик курсунун негиздөөчүсүнүн Т. Сапарбекованын баяндамалары менен катар,
  • Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин атынан Мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмүнүн башчысы Р.Ж. Зайыркулова баяндама жасады.

Иш-чаранын жүрүшүндө эне тилибиздин санарип доорундагы орду, аны заманбап инновациялык ыкмалар менен өнүктүрүү маселелери талкууланып, атайын резолюция кабыл алынды.
Жаңылыктар