Профессор Шералы Жапаровдун 90 жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү
Кыргыз мамлекеттик И. Арабаев атындагы университетинде Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор Шералы Жапаровдун 90 жылдыгына арналган «Профессор Ш. Жапаровдун кыргыз тил илимине кошкон салымы» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дух – дүйнөлүк бийиктиктер» концепциясын ишке ашыруу жана кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилгендигинин 37 жылдыгына карата уюштурулду. Конференцияга Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын окумуштуулары, жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы жана тил илиминин адистери катышты.
Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинен иш-чарага мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмүнүн башчысы Зайыркулова Рима Женишовна "Медициналык жогорку окуу жайларында "Манас" эпосу менен "Махабхарата" эпосун салыштырып окутуудагы компетенттүүлүк" аттуу баяндама жасады.
Конференциянын жүрүшүндө профессор Шералы Жапаровдун кыргыз тил илиминин өнүгүшүнө кошкон салымы, илимий эмгектери жана педагогикалык ишмердүүлүгү тууралуу баяндамалар жасалып, анын илимий мурасы талкууланды. Ошондой эле устаттын шакирттери анын сабак өтүүдөгү өзгөчө ыкмаларын жана студенттерге жасаган мамилесин жылуу эскеришти.
Конференция профессор Шералы Жапаровдун кыргыз тил илимине кошкон зор салымын дагы бир ирет белгилеп, анын илимий мурасын сактоо жана жайылтуунун маанилүүлүгүн көрсөттү.