Жаңылыктар

Академиялык мобилдүүлүк программасынын жарыясы | ЭАЖММ жана Шанхай Цзяо Тун Университети

Жаңылыктар
Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин (ЭАЖММ) администрациясы ЭАЖММ менен Шанхай Цзяо Тонг университетинин Медицина мектебинин ортосундагы академиялык мобилдүүлүк программасына катышуу үчүн магистратура жана докторантура студенттеринин конкурстук тандоосун жарыялайт.

Бул программа дүйнөлүк билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык академиялык жана изилдөө тажрыйбасын алуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.

Талапкерлерге талаптар:
• ЭАЖММдин магистранттары
• ЭАЖММдин докторанттары (PhD).
• Англис тилин билүү деңгээли В2ден кем эмес
• Жакшы академиялык жетишкендиги

Катышуу үчүн төмөнкү документтерди hismiuk@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүңүздөр.
• резюме (CV)
• академиялык маалым кат / транскрипт

Программа жөнүндө маалымат:
• Программанын өткөрүлүү мөөнөтү: 2026-жылдын 16–27-марты
• Кабыл алган тараптын төлөгөн чыгымдары: аба каттамы жана жашоо чыгымдары
• Катышуучунун төлөгөн чыгымдары: виза чыгымдары
• Каттоо үчүн акыркы мөөнөт: 2026-жылдын 31-январы

Билимиңиздин чегин кеңейтип, эл аралык академиялык алмашууга катышуучу болуңуз!