Жаңылыктар

Санариптик саламаттык жана жасалма интеллект боюнча эл аралык конференция

Эл аралык Жогорку Медицина Мектеби(ЭАЖММ) 2026-жылдын 4-5-июлунда Чжэцзян университетинде өтө турган Санариптик саламаттык жана жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияга, ошондой эле Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо жана Өзгөчө кырдаалдарга жооп берүү боюнча Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча Жол картасын ишке ашыруу боюнча Эл аралык форумга катышууда. Ханчжоу, Кытай.

Конференцияга дүйнөнүн 25тен ашуун өлкөсүнөн алдыңкы окумуштуулар, саламаттык сактоо тармагынын адистери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана университеттердин делегациялары чогулуп, санариптик саламаттык сактоонун, жасалма интеллекттин өнүгүү келечегин жана коомдук саламаттык сактоо тармагындагы кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашууда.

Иш-чарага Эл аралык байланыштар боюнча проректор, PhD доктору Айназик Омурзакова жана Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, PhD доктору Махабат Карагулова ЭАЖММнин атынан катышууда.

Иш-чаранын алкагында Эл аралык жайкы мектептин расмий ачылышы да болуп өттү. Бул программа академиялык тажрыйба алмашууга, эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана келечектеги өнөктөштүктөрдү өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.

Конференциянын уюштуруучусу болгон Чжэцзян университети (Zhejiang University) Кытайдын эң абройлуу C9 Лигасынын мүчөсү болуп саналат жана көп учурда «Кытайдын Айви Лигасы» деп аталат. Университет туруктуу түрдө Кытайдагы алдыңкы 5 университеттин катарына жана дүйнөдөгү эң мыкты 50 университеттин тизмесине кирип, билим берүү, илимий изилдөө жана инновациялар жаатындагы дүйнөлүк лидерлердин бири болуп эсептелет.
Жаңылыктар