Жаңылыктар
2026-09-10 07:38

ЭАЖММдин өкүлү Ош шаарындагы абанын сапатын мониторингдөө станциясынын ачылышына катышты

2026-жылдын 10-сентябрында ЭАЖММдин кафедра башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Кенеш О. Джусупов Ош мамлекеттик университетинде абанын сапатын мониторингдөө боюнча жаңы станциянын ачылыш аземине катышты.

Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын, Ош мамлекеттик университетинин, JICAнын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн, Institute of Science Tokyo институтунун өкүлдөрү жана долбоордун катышуучулары катышты.

Жаңы станция абанын булганышына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп, маалыматтарды автоматтык түрдө чогултат. Алынган маалыматтар Ош шаарындагы абанын сапатын баалоого жана экологиялык көйгөйлөр боюнча илимий негизделген изилдөөлөрдү жүргүзүүгө пайдаланылат.

Станция 2025-жылдан бери Institute of Science Tokyo менен өнөктөштүктө жана Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) колдоосу менен ишке ашырылып жаткан IRCAPS изилдөө долбоорунун алкагында иштейт. Долбоор абанын булганышын изилдөөгө, туруктуу мониторинг жүргүзүүгө жана алынган илимий маалыматтарды изилдөө жана билим берүү максаттарында пайдаланууга багытталган.

ЭАЖММдин бул демилгеге катышуусу экология жана коомдук саламаттык сактоо багытындагы илимий кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Жаңылыктар Коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасы