Жаңылыктар
2026-05-11 10:22

Хирургиялык мастер-класс

2026-жылдын 11-май күнү Хирургиялык оорулар кафедрасынын окутуучусу Анарбаева Акбермет Алмазбековнанын жетекчилиги астында Ыссык-Көл кампусунун Студенттик илимий уюму менен биргеликте медицина факультетинин студенттери үчүн “хирургиядан мастер-классы ийгиликтүү өткөрүлдү. Иш-чараны уюштурууда уюмдун жетекчиси Айдай Жумадилова чоң колдоо көрсөттү.

Мастер-класстын негизги багыттары хирургиялык түйүн байлоо ыкмалары, таңуу техникасы жана хирургиялык тигиш салуу ыкмалары болду. Катышуучулар интерактивдүү билим берүү чөйрөсүндө насаатчылардын көзөмөлү астында өздөрүнүн практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Бул иш-чара студенттердин практикалык хирургиялык даярдыгын, командалык иштөөсүн жана кесиптик активдүүлүгүн өнүктүрүүгө өбөлгө түздү. Мастер-класстын соңунда студенттерге иш-чарага активдүү катышкандыгы үчүн сертификаттар тапшырылды.
Жаңылыктар Хирургиялык оорулар кафедрасы