Жаңылыктар

«Эне жана баланын ден соолугу» аттуу мастер-класс

2026-жылдын 7–8-май күндөрү Ош шаарында Кыргыз Республикасындагы «OMI Seminars in Salzburg» программасынын 30 жылдыгына арналган «Эне жана баланын ден соолугу» аттуу мастер-класс өткөрүлдү.

Иш-чарага педиатрия, неонатология, акушерлик жана медицинанын башка багыттары боюнча адистер катышты. Илимий программанын алкагында Эл аралык Жогорку Медицина Мектебинин педиатрия кафедрасынын доценттин милдетин аткаруучусу Кошукеева Майрам Кошукеевна «Балдардагы атопиялык марш» темасында лекция окуду.

Ошондой эле Жолдошева Индира Мойдунжановна «Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын респиратордук дистресс-синдрому» темасында баяндама жасап, ийгиликтүү катышты.

Мастер-класстын алкагында катышуучулар Ош мамлекеттик университетинин Симуляциялык борборуна, ошондой эле ОшМУнун Медициналык университеттик борборуна барып, университеттин билим берүү жана клиникалык базасы менен таанышышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар ыраазычылык каттар жана катышуучу сертификаттары менен сыйланышты.
Жаңылыктар Педиатрия кафедрасы