Жаңылыктар

ЫК ЭАЖММдин мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү маселелери боюнча пландан тышкаркы текшерүү өткөрүлдү

ЭАЖММдин Ысык-Көл кампусунда мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмүнүн башчысы Р.Ж. Зайыркулова жана лингвист-эксперт Д.А. Галиева иш сапары менен келишти.

Жолугушуунун жүрүшүндө документтерге мазмундуу анализ жүргүзүлүп, мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүүнүн актуалдуу талаптары жана сунуштары каралды. Иш-чара бардык катышуучулар үчүн пайдалуу жана жемиштүү өттү.

Бул иш-чара мамлекеттик тилде жүргүзүлүп жаткан иш кагаздарынын сапатын баалоо, ошондой эле университеттин кызматкерлерине усулдук жана консультациялык жардам көрсөтүү максатында уюштурулган пландан тышкаркы текшерүүнүн алкагында өткөрүлдү.

Иш-чарага ЫК ЭАЖММдин ЫКнун окутуучулары жана ассистенттери катышып, документтерди туура тариздөө, тилдик нормаларды сактоо жана мамлекеттик тил жаатындагы колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын аткаруу боюнча кеңири түшүндүрмөлөрдү алышты. Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, адистерден практикалык сунуштарды алышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында документтер менен иштөөнү өркүндөтүүнүн жана мамлекеттик тилде жүргүзүлүүчү иш кагаздарынын сапатын жогорулатуунун негизги багыттары белгиленди. Берилген сунуштар иш кагаздарын жүргүзүүдөгү тил маданиятын чыңдоого жана университеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Жаңылыктар