2026-жылдын 14-майында Балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук борбору «Сейтек» мекемесинде «СЕНСЕЙШЕН» тобунун 10 жылдык юбилейине арналган отчеттук концерт болуп өттү. Бул — Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин расмий музыкалык-маданий тобу. ЭАЖММдин музыкалык-маданий тобу музыка жана маданий чыгармачылыкка кызыккан ар улуттагы студенттерди бириктирет жана вокалисттерге, музыканттарга жана бийчилерге өз таланттарын концерттер жана биргелешкен долбоорлор аркылуу көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Топ студенттердин индивидуалдуулугун, өзүн-өзү көрсөтүүсүн колдоп, алардын ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.
Иш-чара гуманитардык сабактар кафедрасынын башчысы Н.Н. Алымкулованын жетекчилиги астында «Студенттердин көз карашында Кыргызстан» аттуу көргөзмөнүн ачылышы менен башталып, ЭАЖММдин ректору С.М. Ахунбаевдин куттуктоо сөзү менен уланды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын тил саясаты бөлүмүнүн башкы адиси Орозов Асылбек Кудайбердиевич, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Улуттук маданий борборунун директорунун орун басары Кочкорова Гулиза Кочкоровна, Индия Республикасынын Элчилигинин маданият маселелери боюнча экинчи катчысы Раджни Верма айым, ЭАЖММдин өнөктөшү Сунил Ядав, ошондой эле Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин администрациясы, окутуучулары жана студенттери катышышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында университетке Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан Ыраазычылык кат тапшырылды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Ыраазычылык каты менен декандын орун басары Ж.К. Мукамбетова жана «Сенсейшен» тобу сыйланышты. Кыргыз Республикасынын маданиятына жана искусствосуна кошкон салымы үчүн Улуттук маданий борбордун Ардак грамоталары университетке тапшырылды жана декандын орун басары Ж.К. Мукамбетова жана Гуманитардык сабактар кафедрасынын башчысы Н.Н. Алымкулова сыйланышты.
Иш-чара жогорку уюштуруучулук жана чыгармачылык деңгээлде өтүп, Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин маданий жашоосунда маанилүү окуя болуп калды. Концерт студенттердин чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн жогорку деңгээлин жана билим берүү чөйрөсүндөгү маданий демилгелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн тастыктады. Мындай иш-чараларды өткөрүү мындан ары да маданий байланыштарды чыңдоого жана студенттик чыгармачылыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.