Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде (ЭАЖММ) ЭАЖММдин ректору, профессор Стальбек М. Ахунбаев Германиянын Justus Liebig University Giessen университетинин өкүлү, профессор Ральф Шермюль менен расмий жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар медицина, илимий, академиялык мобилдүүлүк жана илимий изилдөөлөр жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты. Өзгөчө көңүл эл аралык өнөктөштүктү чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана биргелешкен билим берүү жана илимий демилгелерди ишке ашырууга бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иштерди улантуу тууралуу макулдашууга жетишилди. Ошондой эле 2026-жылдын сентябрь айында университет өкүлдөрүнүн ЭАЖММге кайрадан келип, эки окуу жайдын ортосунда расмий кызматташтык келишимине кол коюусу пландалууда.
Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби эл аралык академиялык байланыштарды кеңейтүү жана чет элдик алдыңкы университеттер менен кызматташууну чыңдоо багытындагы ишмердүүлүгүн улантууда.