Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин (ЭАЖММ) Окумуштуулар кеңешинин отурумунда маанилүү окуя болуп өттү — ЭАЖММдин ректору, профессор Стальбек Медерович Ахунбаев докторантура программасынын бүтүрүүчүлөрүнө алгачкы PhD дипломдорун тапшырды.
Бул окуя университеттин өнүгүүсүндөгү маанилүү этап болуп, ЭАЖММдеги илимий кадрларды даярдоонун жогорку деңгээлин дагы бир жолу тастыктады.
Философия доктору (PhD) илимий даражасынын алгачкы ээлери:
• Ли Наталья Евгеньевна
• Хуссаин Сайед Азфар
• Минбаева Гульнара Асанкариевна болушту.
PhD даражасын алуу — көп жылдык илимий эмгектин, кесиптик тырышчаактыктын, изилдөө ишмердүүлүгүнүн жана илимге берилгендиктин натыйжасы болуп саналат.
Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби илимий жетекчилерге жана профессордук-окутуучулук курамга жаш окумуштууларды даярдоого кошкон салымы, колдоосу жана насаатчылыгы үчүн терең ыраазычылык билдирет.
ЭАЖММ бүтүрүүчүлөрдү бул маанилүү жетишкендиги менен куттуктап, илимий жана кесиптик ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди, жаңы изилдөө долбоорлорун жана эл аралык академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалайт.