Жаңылыктар
2026-07-12 12:31

ЭАЖММ ШКУга мүчө мамлекеттердин академиктеринин III Эл аралык форумунда

2026-жылдын 2-июлунда Кыргыз Эл аралык университетинде жашыл энергетика маселелерине арналган Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин академиктеринин III Эл аралык форуму болуп өттү.

Форум Кыргыз Эл аралык университети, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана Сиань Цзяотун университети (КЭР) тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен уюштурулду.

Форум Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпиндин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Максат Жумакадырович Алымбековдун, Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Лира Сулаймановна Сулайманованын, Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары Салават Садырович Садыракуновдун, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Мурзакматович Женбаевдин жана Сиань Цзяотун университетинин президентинин куттуктоо сөздөрү менен ачылды.

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинен форумга ЭАЖММдин илимий иштер, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору м.и.д, проф. О.Ж. Узаков жетектеген делегация ЭАЖММдин 2026-жылдын 24-июнундагы №129 «ЭАЖММдин кызматкерлеринин ШКУга мүчө мамлекеттердин академиктеринин жашыл энергетика маселелери боюнча III Эл аралык форумуна катышуусу жөнүндө» буйругуна ылайык катышты.

Форумдун катышуучулары жашыл энергетиканы өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, эл аралык илимий кызматташтыкты, инновациялык технологияларды киргизүүнү жана ШКУга мүчө мамлекеттердин илимий жана билим берүү мекемелеринин ортосундагы өнөктөштүк байланыштарды чыңдоону талкуулашты.

ЭАЖММ өкүлдөрүнүн форумга катышуусу эл аралык академиялык кызматташтыкты кеңейтүүгө, илимий тажрыйба алмашууга жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен жаңы кесиптик байланыштарды түзүүгө өбөлгө түздү.
Жаңылыктар