Жаңылыктар

Чой Мин Гонго ЭАЖММдин “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин ректору м.и.д., профессор Стальбек Ахунбаев 2026-жылдын 14-майында Чой Мин Гонго саламаттык сактоо, билим берүү жана кайрымдуулук ишмердүүлүгүндө көрүнүктүү салымы үчүн ЭАЖММдин “Ардактуу профессору” наамын ыйгарды.

1996-жылдан бери Чой Мин Гон дүйнө жүзүндөгү жүрөк оорулары менен жабыркаган балдарга каржылык жардам көрсөтүп келген «Милал» фондунун негизги демөөрчүлөрүнүн бири болуп саналат.

Билим берүү тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана гуманитардык колдоосу үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

2011–2026-жылдар аралыгында Кыргызстандагы 550дөн ашуун бала кардиохирургиялык фонд аркылуу каржылык колдоого ээ болгон.

Ушул эле мезгил аралыгында Кыргызстандагы жүрөктүн оор тубаса кемтиги бар 30 балага Кореяда өмүр сактап калуучу операциялар жасалды. Ар бир балага дарылоо, жашоо жана эки тараптуу авиабилет чыгымдарын кошкондо болжол менен 40 000 АКШ долларын түзгөн.

ЭАЖММ Чой Мин Гонду Ардактуу профессор наамы менен чын жүрөктөн куттуктап, анын кайрымдуулугуна, адамгерчилигине жана балдардын өмүрүн сактап калууга кошкон баа жеткис салымына терең ыраазычылык билдирет.
Жаңылыктар