Жаңылыктар
2026-02-27 15:38

“Кыргыз ырлары чет элдик студенттердин аткаруусунда” аттуу республикалык фестивалдан кийинки маек

2026-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын “Маданият. Тарых. Тил.” телеканалында түз эфирде 20-февралда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн “Кыргыз ырлары чет элдик студенттердин аткаруусунда” аттуу республикалык фестивалдын жыйынтыгына арналган атайын маек жүрдү.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-декабрындагы №369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруу максатында, ошондой эле 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата уюштурулган республикалык фестивалдын алкагында өткөрүлдү.

Түз эфирдеги маекке Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинен мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмүнүн башчысы Рима Зайыркулова жана фестивалда биринчи орунду багындырган студенттер Сумедх Петкар, Тушар Джаин, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын башкы адиси Асылбек Орозов, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана окуудан тышкаркы иштер боюнча проректору Артыкова Жамал,фестивалда баш байгени багындырган Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Динара Мырзагулова жана студенттери катышты.

Маектин жүрүшүндө катышуучулар фестивалдын максаты, анын коомдук жана маданий мааниси, ошондой эле жетишилген жыйынтыктар тууралуу кеңири маалымат беришип, түз эфирде ырдап, көркөм өнөрлөрүн тартуулашты. Телеберүү аркылуу фестивалдын жүрүшү, сахнадагы жаркын номерлер жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи кеңири чагылдырылды.

Жыйынтыгында республикалык фестиваль улуттук демди чыңдаган, жаштарды бир максатка бириктирген жана кыргыз тилинин кадыр-баркын жогорулатып, аны дүйнөлүк деңгээлде даңазалоого өбөлгө түзгөн маанилүү маданий окуя катары жогору бааланды.

Түз эфирдин толук чыгарылышын төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыздар:

https://youtube.com/@utrk_chui_stv?si=pe7yT5gHOCBinNRs.
Жаңылыктар