Өзбек мамлекеттик дүйнө тилдери университетинин Англис тилинин 3-факультетинин Дүйнөлүк адабият кафедрасы тарабынан уюштурулган «Дүйнөлүк адабият жана филологиялык компаративистика» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Конференцияны университеттин ректору Илхомжон Тухтасинов ачылыш сөзү менен башталып, бүгүнкү күндө дүйнөлүк адабият жана салыштырма филология багытында жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөрдүн маанисине, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана илимий тажрыйба алмашуунун актуалдуулугуна өзгөчө токтолду.
Иш-чаранын жүрүшүндө Абдурахим Насиров, Отабек Юсупов, Назира Саломова, Дэвид Дамрош, Ирма Ратиани, Кемаль Явуз Атаман, Галин Тиханов жана Йерун Герритс куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, эл аралык илимий кызматташтыктын келечеги боюнча өз ойлору жана сунуштары менен бөлүшүштү.
ЭАЖММдин атынан мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмүнүн башчысы
Р.Ж. Зайыркулова илимий баяндама жасады. Өз сөзүндө кыргыз элинин «Манас» эпосу менен Индия элинин «Махабхарата» эпикалык чыгармасына салыштырма талдоо жүргүзүп, алардын тарыхый-маданий маанисин, идеялык мазмунун жана жалпы руханий баалуулуктарын белгиледи. Ошондой эле баатырдык, улуттук аң-сезим, маданий салттардын уланмалуулугу жана эпикалык чыгармалардын элдердин маданий мурасын сактоодогу орду тууралуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.
Баяндама конференциянын катышуучуларынын чоң кызыгуусун жаратып, салыштырма адабият таануу жана маданияттар аралык изилдөөлөр жаатындагы илимий талкуулардын өнүгүшүнө өбөлгө түздү.
Конференциянын алкагында илимий диалогду өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана эл аралык академиялык кызматташтыкты чыңдоого багытталган бир катар сунуштар жана демилгелер айтылды.
Бул эл аралык илимий-практикалык конференция илим менен билим берүүнүн интеграциясын өнүктүрүүдө, жаш изилдөөчүлөрдү колдоодо, ошондой эле филология тармагындагы эл аралык байланыштарды кеңейтүүдө маанилүү роль ойноду.