Жаңылыктар

«Go Green IHSM» экоклубу жаңы окуу жылын экологиялык ишембилик менен баштады

2026-жылдын 3-октябрында Эл аралык жогорку медицина мектебинин (ЭАЖММ) «Go Green IHSM» экоклубу жаңы окуу жылындагы алгачкы экологиялык ишембилигин өткөрдү. Иш-чарага клубдун активдүү мүчөлөрү жана ЭАЖММдин студенттери катышты. Ишембилик гуманитардык сабактар кафедрасынын улук окутуучусу, клубдун жетекчиси Ажибекова Азизанын жетекчилиги астында өттү.

Ишембиликтин негизги максаты - студенттердин экологиялык аң-сезимин жогорулатуу, айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу жана жаштарды экологиялык демилгелерге тартуу.

Катышуучулар Иманалы Айдарбеков бульварынын (Молодая Гвардия) аймагын тазалашты. Иш уюшкандыкта жана ынтымакта жүргүзүлүп, студенттердин командалык иштешүүсүнө жана экологиялык маданиятынын өнүгүшүнө өбөлгө түздү.

Тазалоо иштери аяктагандан кийин катышуучулар чогуу эс алып, салтка айлангандай, иш-чараны биргелешип балмуздак жеп жыйынтыкташты.

Ишембилик студенттердин Бишкек шаарынын тазалыгын сактоого жана экологиялык абалын жакшыртууга кошкон салымы болду. Катышуучулар мындан ары да «Go Green IHSM» экоклубунун экологиялык долбоорлоруна жана демилгелерине активдүү катышууга даяр экендиктерин билдиришти.
Жаңылыктар Гуманитардык сабактар кафедрасы