ЭАЖММ Симуляциялык борборунда травматология боюнча практикалык тренинг өткөрүлдү
2026-жылдын 23-октябрында ЭАЖММ Симуляциялык борборунда травматология боюнча практикалык иш-чара өткөрүлдү. Студенттер шашылыш жардам көрсөтүү, бейтаптарды коопсуз жылдыруу, омуртканы турукташтыруу жана жаракат алган учурда туура көндүмдөрүн машыгышты.
Иш-чарага Окуу-тарбия иши жана дарылоо боюнча проректор А.А. Усенова, декан А.А. Камчыбекова жана окутуучулар Э.А. Джумалиев, Гурсехадж Сингх Мехта, Э.И. Сманалиев, Отаки Абдул Азим Абдул Вакил, Т.А. Турготов жана М.О. Сарытаева катышты.
Иш-чаранын алкагында студенттердин травматология боюнча билимдерин текшерүү максатында үч раунддан турган викторина өткөрүлдү.