2026-жылдын 28–29-январында Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби (ЭАЖММ) Маастрихт университетинин (Нидерланды) делегациясын расмий иш сапары менен кабыл алды. Бул сапар Erasmus+ Strand 1 программасынын алкагында академиялык кызматташтыкты бекемдөөгө, ошондой эле медициналык билим берүү жана климат менен саламаттыкты сактоо жаатындагы изилдөөлөр боюнча өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган.
Иш сапар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде расмий жолугушуу менен башталып, анда заманбап медициналык билим берүүнү өнүктүрүүдөгү эл аралык өнөктөштүктүн маанилүүлүгү белгиленди. Конокторду Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басарлары Бакытбек Кадыралиев жана Рыспек Садыгалиев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык билим берүү жана илим бөлүмүнүн башчысы Зуура Долонбаева тосуп алышты.
Маастрихт университетинин делегациясын Саламаттык, медицина жана жашоо илимдери факультетинин Медициналык адистерди окутуу мектебинин ассистент-профессору, билим берүү дизайны, проблемага негизделген окутуу жана билим берүү изилдөөлөрү боюнча эксперт д-р Эммелайн Браувер (PhD) жетектеди.
Андан кийинки жолугушуулар Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде өтүп, ага ЭАЖММдин жетекчилиги жана окутуучулук- профессордук курамы катышты.
Иш сапардын жүрүшүндө университеттин институционалдык профилин жана стратегиялык артыкчылыктарын тааныштырды. Ошондой эле Erasmus+ программасынын алкагындагы «Борбордук Азиянын медициналык мектептеринде климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча билим берүү» аттуу долбоордун презентациясы болду. Магистратура жана докторантура программаларына климат жана саламаттык темалары боюнча жаңы окуу модулдарын киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду, бул медициналык билим берүүдөгү экологиялык чакырыктардын актуалдуулугун чагылдырат.
Иш сапардын программасы долбоордун жумушчу тобунун отуруму менен жыйынтыкталып, анда долбоорду ишке ашыруунун практикалык кадамдары, окуу программаларын иштеп чыгуу жана келечектеги биргелешкен демилгелер талкууланды.
Ошондой эле иш сапардын алкагында д-р Эммелайн Браувер ЭАЖММдин кызматкерлери үчүн мастер-класс өткөрүп, окутуунун инновациялык ыкмалары боюнча мыкты тажрыйбалары менен бөлүшүп, университеттеги билим берүү сапатын жогорулатууга салым кошту.
Бул иш сапар эл аралык академиялык кызматташтыкты бекемдөөдөгү маанилүү этап болуп, ЭАЖММдин инновацияларга, туруктуу өнүгүүгө жана медициналык билим берүү тармагындагы глобалдык өнөктөштүккө берилгендигин дагы бир жолу тастыктады.