Жаңылыктар
2026-09-08 12:10

ЭАЖММдин окутуучулары ESPENдин 48-конгрессине катышты

Мектебинин (ЭАЖММ) пропедевтика жана үй-бүлөлүк медицина кафедрасынын окутуучулары А.З. Молдобаева жана С.С. Абазбекова ESPENдин 48-конгрессине катышты.

Илимий программанын алкагында алар «2-типтеги кант диабетиндеги остеопороз» темасында баяндама жасашты.

ESPEN — Клиникалык тамактануу жана метаболизм боюнча Европа коому — жыл сайын дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн дарыгерлерди, изилдөөчүлөрдү жана адистерди бириктирип, клиникалык нутрициология жана метаболизм тармагындагы акыркы жетишкендиктерди жана заманбап ыкмаларды талкуулоого мүмкүнчүлүк түзөт.

Конгресске катышуу кесиптик тажрыйба алмашууга, жаңы илимий маалыматтар менен таанышууга жана ЭАЖММ өкүлдөрүнүн изилдөө иштерин эл аралык кесиптик коомчулукка сунуштоого шарт түздү.

ЭАЖММ окутуучуларынын эл аралык илимий иш-чараларга катышуусу кесиптик компетенцияларды өнүктүрүүгө, академиялык байланыштарды бекемдөөгө жана актуалдуу илимий билимдерди билим берүү жана клиникалык практикага киргизүүгө өбөлгө түзөт.
Жаңылыктар Пропедтерапия жана үй-бүлѳлүк медицина кафедрасы