ЭАЖММде педиатрия боюнча университеттер аралык студенттик конференция өттү
2026-жылдын 14-майында Эл Аралык Жогорку Медицина Мектебинин (ЭАЖММ) педиатрия кафедрасы Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган «Балдардын ден соолугу — биздин колубузда» аттуу университеттер аралык студенттик конференциясын уюштурду.
Конференция ЭАЖММдин Симуляциялык борборунда өткөрүлүп, ага Эл Аралык Жогорку Медицина Мектебинин (ЭАЖММ), Кыргызстандын Эл аралык университетинин жана И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери катышты.
Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар педиатриянын актуалдуу маселелери боюнча илимий баяндамаларды сунуштап, ошондой эле иш-чаранын алкагында даярдалган handmade-постерлерди көрсөтүштү.
Конференция болочок медициналык адистер арасында илимий билим, кесиптик тажрыйба жана инновациялык идеялар менен алмашуу үчүн маанилүү аянтча болду.
Эл Аралык Жогорку Медицина Мектеби жеңүүчүлөрдү куттуктап, бардык катышуучуларга активдүү катышуусу, кызыктуу баяндамалары жана студенттик илимдин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет.