Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби (ЭАЖММ) 2026-жылдын май айында өткөрүлгөн мамлекеттик аккредитациялоодон ийгиликтүү өттү.
Аккредитациялоонун жыйынтыгы боюнча ЭАЖММ алты жылдык мөөнөткө мамлекеттик аккредитацияга ээ болуп, бул окуу жайдын билим берүү программаларынын жогорку сапатын, улуттук билим берүү стандарттарына шайкештигин жана үзгүлтүксүз өнүгүүгө болгон умтулуусун дагы бир жолу тастыктады.
Мамлекеттик аккредитациялоодон өтүүгө жалпы 24 билим берүү уюму өтүнмө берген жана ЭАЖММ булмаанилүү баалоо процедурасынан ийгиликтүү өткөн окуу жайлардын катарына кирди.
Мамлекеттик аккредитациялоо билим берүү ишмердүүлүгүнүн сапатын, академиялык процесстердин натыйжалуулугун жана жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды даярдоого университеттин кошкон олуттуу салымынын расмий ырастамасы болуп саналат.
Бул жетишкендик университеттин администрациясынын, окутуучу- профессордук курамынын, кызматкерлеринин, студенттеринин жана өнөктөштөрүнүн биргелешкен, үзүрлүү эмгегинин натыйжасы болуп саналат. Алардын аракети ЭАЖММдин аймактагы алдыңкы медициналык жогорку окуу жайлардын бири катары позициясын чыңдоого өбөлгө түзүүдө.
Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби университеттин жалпы жамаатын бул маанилүү жетишкендик менен куттуктап, медициналык билим берүүнү, илимди жана инновацияларды өнүктүрүүдө мындан аркы ийгиликтерди каалайт.