2026-жылдын 23-сентябрында – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан Улуттук илимдер академиясында салтанаттуу жыйын өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы А.К. Койчиев, Жогорку Кеңешитин депуттары, Манас театрынын төкмө акындары мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, мамлекеттик органдардын, билим берүү жана илимий мекемелердин өкүлдөрү, тил жаатындагы адистер жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинен иш-чарага мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмүнүн башчысы Зайыркулова Рима Женишовна катышты.
Аталган иш-чарада мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, балдар үчүн кыргыз тилиндеги заманбап контент жаратуучулардын эмгектери: «Турар» басмасынын директору М.Т. Мураталиев, «Береке Букс» басмасынын өкүлү Г.С. Асакеева, «Нуркидс» заманбап санариптик билим берүү долбоорунун өкүлү Н.Ж. Сарыгулова, «Сөз» мобилдик колдонмосунун өкүлү Э.А. Бусурманкулов, «Билимпоз» эки тилде түзүлгөн окуу куралынын негиздөөчүлөрү Т.А. Молдобаев жана Айдай Таалайбекова тарабынан тааныштырылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү, анын колдонуу чөйрөсү кеңейип жана кыргыз тилиндеги заманбап контенти жайылганына күбө болдук.
Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт! Кыргыз тилинин өнүгүшүнө жана өркүндөшүнө ар бирибиз өз салымыбызды кошолу. Кыргыз тилинин келечеги кең, кадыры бийик болсун!