2026-жылдын 22-апрелинде Кыргыз улуттук университетинде Биринчи түркологиялык курултайдын (1926) 100 жылдыгына арналган “Кылым карыткан улуттук дем: тунгуч агартуучулар” аттуу I Эл аралык студенттик симпозиум болуп өттү. Кеңири форматта уюштурулган иш-чарага Азербайжан, Түркия, Россия, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринен жана жергиликтүү жогорку окуу жайлардан жалпы 140ка жакын студент катышты. Симпозиум беш секцияга бөлүнүп өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, академик Сыртбай Мусаев, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысынын кеңешчиси Сабырбек Бөрүбаев, КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев студенттер, окутуучулар катышты.
ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун Ардак грамотасы менен мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмүнүн башчысы Зайыркулова Рима Женишовна жана 5-курсунун 10-семестринин студенти Минхил Хаммад сыйланышты.
Жалпысынан, симпозиум студенттердин өз ара тажрыйба алмашууга, түрк дүйнөсүндөгү илимий башаттарды терең түшүнүүгө салым кошту.