Жаңылыктар

Баңгизаттардын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чара

Эл аралык Жогорку медицина мектебинде студенттер арасында баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүзүлүшүнүн кесепеттери тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга, укуктук сабаттуулукту калыптандырууга жана жоопкерчиликтүү жүрүм-турумду өнүктүрүүгө багытталган профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлүнүн катышуусунда уюштурулду — коомчулук менен өз ара аракеттенүү жана алдын алуу бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам кызматкери, милициянын подполковниги Исматова Умида Олимжановна.
катышуучулар:
• коопсуздук боюнча декандын орун басары Шигаев Анаркул Аалыевич;
• декан Камчыбекова Алтынай Абданбековна;
• декандын орун басары Ходюкова Дарья Валерьевна;
• куратор Мамбетова Сабира Ратбековна;
• куратор Ринат кызы Майрамгул;
• 1–10-семестрлердин лидерлери.

Иш-чаранын алкагында «Баңгизаттар жана азыркы жаштар: алдын алуу, коркунучтар жана коопсуздук» аттуу презентация сунушталды.

Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:
• баңгизаттарды колдонуу адамдын организмине тийгизген медициналык жана социалдык кесепеттери;
• жаштардын баңгизат колдонууга тартылышына алып келген факторлор;
• көз карандылыктын калыптануу этаптары жана коркунучтары;

Ошондой эле укуктук аспектилерге өзгөчө көңүл бурулуп, «укук бузуу» жана «жоопкерчилик» түшүнүктөрү, жоопкерчиликтин түрлөрү жана кылмыш жоопкерчилиги түшүндүрүлдү.
Маалыматты жакшы кабыл алуу үчүн иш-чаранын жүрүшүндө видеоматериалдар көрсөтүлдү.

Жыйынтыгында студенттерге коопсуз жүрүм-турум боюнча сунуштар берилди:
• баңгизаттарды «кызыгуу үчүн» колдонбоо;
• шектүү адамдардан алыс болуу;
• өз убагында адистерге кайрылуу.

Ошондой эле жардам алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.
Мындай иш-чаралар студенттердин ден соолугун сактоого жана укук бузуулардын алдын алууга багытталган маанилүү иштердин бири болуп саналат.
Жаңылыктар