Баңгизаттардын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чара
Эл аралык Жогорку медицина мектебинде студенттер арасында баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүзүлүшүнүн кесепеттери тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга, укуктук сабаттуулукту калыптандырууга жана жоопкерчиликтүү жүрүм-турумду өнүктүрүүгө багытталган профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлүнүн катышуусунда уюштурулду — коомчулук менен өз ара аракеттенүү жана алдын алуу бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам кызматкери, милициянын подполковниги Исматова Умида Олимжановна. катышуучулар: • коопсуздук боюнча декандын орун басары Шигаев Анаркул Аалыевич; • декан Камчыбекова Алтынай Абданбековна; • декандын орун басары Ходюкова Дарья Валерьевна; • куратор Мамбетова Сабира Ратбековна; • куратор Ринат кызы Майрамгул; • 1–10-семестрлердин лидерлери.
Иш-чаранын алкагында «Баңгизаттар жана азыркы жаштар: алдын алуу, коркунучтар жана коопсуздук» аттуу презентация сунушталды.
Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды: • баңгизаттарды колдонуу адамдын организмине тийгизген медициналык жана социалдык кесепеттери; • жаштардын баңгизат колдонууга тартылышына алып келген факторлор; • көз карандылыктын калыптануу этаптары жана коркунучтары;
Ошондой эле укуктук аспектилерге өзгөчө көңүл бурулуп, «укук бузуу» жана «жоопкерчилик» түшүнүктөрү, жоопкерчиликтин түрлөрү жана кылмыш жоопкерчилиги түшүндүрүлдү. Маалыматты жакшы кабыл алуу үчүн иш-чаранын жүрүшүндө видеоматериалдар көрсөтүлдү.
Жыйынтыгында студенттерге коопсуз жүрүм-турум боюнча сунуштар берилди: • баңгизаттарды «кызыгуу үчүн» колдонбоо; • шектүү адамдардан алыс болуу; • өз убагында адистерге кайрылуу.
Ошондой эле жардам алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Мындай иш-чаралар студенттердин ден соолугун сактоого жана укук бузуулардын алдын алууга багытталган маанилүү иштердин бири болуп саналат.