Жаңылыктар
2026-04-22 12:58

КУУда “Кылым карыткан улуттук дем: тунгуч агартуучулар” аттуу эл аралык студенттик симпозиуму

2026-жылдын 22-апрелинде Кыргыз улуттук университетинде Биринчи түркологиялык курултайдын (1926) 100 жылдыгына арналган “Кылым карыткан улуттук дем: тунгуч агартуучулар” аттуу I Эл аралык студенттик симпозиум болуп өттү. Кеңири форматта уюштурулган иш-чарага Азербайжан, Түркия, Россия, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринен жана жергиликтүү жогорку окуу жайлардан жалпы 140ка жакын студент катышты. Симпозиум беш секцияга бөлүнүп өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, академик Сыртбай Мусаев, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысынын кеңешчиси Сабырбек Бөрүбаев, КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев студенттер, окутуучулар катышты.

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин өкүлдөрү студенттик симпозиумга катышып, жогорку жыйынтыктарды көрсөтүштү. Иш-чарага: гуманитардык сабактар кафедрасынын улук окутуучулары Ажибекова Азиза Арстанбековна, Кибраева Мунира Анаркуловна, Токонова Айдана Акилиновна, Мохаммад Аяз, Сажжид Али Хан, Манал Айтзаз, мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмүнүн эксперт-лингвисти Галиева Диана Акылбековна, Ысык-Көл кампусунан улук окутуучусу Жумабекова Бурул Алымбековна, Агиял Аншуман, Рочак Равал катышышты.

Симпозиумдун жыйынтыгында төмөнкү студенттер байгелүү орундарга ээ болушту:
  • 1-орун: Рага Сай Шаран 4-семестрдин студенти
  • 3-орун: Уруж Ансари 2-семестрдин студенти

ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун Ардак грамотасы менен мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмүнүн башчысы Зайыркулова Рима Женишовна жана 5-курсунун 10-семестринин студенти Минхил Хаммад сыйланышты.

Секциялык отурумдарда катышуучулар Индия, Пакистан өкүлдөрүнөн түрк дүйнөсүнүн агартуучулары жөнүндө илимий баяндамаларын талкуулап, тарыхый фактыларды анализдеп, агартуучулардын коомду өнүктүрүүдөгү ролуна өзгөчө көңүл бурушту. Алардын мурасы бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпогону белгиленди. Жалпысынан, симпозиум студенттердин өз ара тажрыйба алмашууга, түрк дүйнөсүндөгү илимий башаттардытерең түшүнүүгө салым кошту.
Жаңылыктар